Кытайдын түштүк-батышындагы Гуйчжоу провинциясында мындан 145 миллион жыл мурун жашаган деп болжолдонгон динозаврлардын издери табылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан.
Маалыматта издер Бицзе аймагындагы аскалардан табылганы айтылат. Окумуштуулардын пикиринде, издер зауроподдорго, тагыраагы, сойлоп жүрүүчүлөрдүн байыркы түркүмүнө кирген чөп жегендерге таандык болушу мүмкүн. Алар бул райондо 56 миллион жыл өкүм сүрүп, мындан 145 миллион жыл мурун бүткөн Юр доорунда (мезозой эрасынын экинчи доору) жашаган. Ошондой эле аталган аймакта миллион жылдар мурун динозаврлардын суу ичкен жайы болгонун окумуштуулар белгилешкен.
Табылган динозаврдын издери 30 сантиметр болгондуктан, жандыктардын бийиктиги 6 метрге жетери болжолдонууда.