Гематология кызматын оптимизациялоо максатында Кыргыз илимий гематология борбору Улуттук онкология борборуна бириктирилет

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборун кайра уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомго кол койгону маалым болду.

Кыргыз илимий гематология борборун жана Улуттук онкология борборун бириктирүү Кыргыз гематология кызматын оптимизациялоо максатында жүргүзүлөт. Натыйжада эки борборду бириктирүүдө административдик-башкаруу персоналын камсыздоого кеткен чыгымды кыскартууга, ал эми бошотулган каражаттарды түздөн-түз оорулууларды дарылоого багыттоого мүмкүндүк түзүлөрү айтылат маалыматта.

"Кыргыз илимий гематология борборунун кызматкерлеринин штаттык санынын натыйжалуулугун талдоо көрсөткөндөй, 2014-жылкы оорулуулардын саны боюнча, 1 дарыгердин орточо айлык жүктөмү болгону 10 адамды түзгөн, ал эми бейтаптардын нормативдик жүктөмү 18-20 оорулууну түзөт. Кыргыз илимий гематология борборунун финансылык ишмердүүлүгүн талдоо көрсөткөндөй, 2014-жылы 2016-жылга салыштырмалуу персоналды кармоого кеткен чыгым 7,6 эсеге же 13,2 миллион сомго жогорулаган, жалпы бюджеттеги персоналды кармоого кеткен чыгымдын үлүшү 40,7 пайыздан 54,8 пайызга жогорулаган. Кыргыз илимий гематология борборунун койкалык фонд ишинин натыйжалуулугун талдоодо аныкталгандай, фонд 88-90 пайызга пайдаланылган", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары кадрлардын агылуу көйгөйү бар, борбордун имараты онкологиялык оорулууларга сапаттуу көмөк көрсөтүүгө ыңгайлашкан эмес, медициналык жабдуулар жетишсиз, онкогематология бөлүмү химиялык терапия өткөрүү үчүн эл аралык стандарттарга жооп бербейт.

Буга байланыштуу эки борборду бириктирүү тууралуу чечим онкологиялык, онкогематологиялык ооруларды жана кан оорулары менен жабыркагандарга жогорку сапаттагы медициналык көмөк көрсөтүүдө ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

Токтомго ылайык, Улуттук онкология борбору "Улуттук онкология жана гематология борбору" деп кайрадан аталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан