30 жылга жакын оору менен арбашып, өз канынан жаралган уулу карабай кеткен тагдыр кимди болбосун кайдыгер калтырбаса керек. Мындай узакка созулган азапка эрки күчтүү гана адам туруштук бербесе, айрымдары эчак эле кайгыга жеңдирип, мүңкүрөп калмак. Татаал тагдырды өз башынан өткөрүп, колу ачыктар болсо жардам колун сунар деген илгери үмүткө жетеленген эне армандуу жашоосун SUPER.KG порталына айтып берди.
"1988-жылы бутума суук тийип ооруп калдым. Дартка кабылгандан бери жакындарым менден жүз бурушту. Бир убакта бактылуу жашоодо жашап, ак нике менен үйлөнгөн өмүрлүк жолдошум чанып, өз канымдан жаралган уулум да карабай басып кетти. Жаңыдан ооруга чалдыккан учурда бирде таяк менен басып, кээде жакшы болуп калганда өз алдымча акырын басып жүрдүм. Эч кандай дары жардам бере алган жок. Кийинчерээк оору күч алып кетти", - деп көзүнө жаш алды каарманыбыз Рахат Абдырахманова.
Каарманыбыз Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Төлөк айылынын тургуну. Ал учурда Кант шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде эжесинин үйүндө күн кечирүүдө. Рахат Абдырахманова 51 жашта. Бир уул, бир кыздын энеси. Оорулуу эне бүгүнкү күндө кызы менен күйөө баласынын карамагында. Өзүнүн туруктуу жашаган жери жок. 29 жыл мурда төрөттөн кийин суукка кабылып, бутунан жабыркап, кийинчерээк колдорунун муундары ооруп, сөөктөрү кайрылып баштаган. Соңку 2 жылдан ашуун убакыттан бери төшөктөн турбай калган. Анткени узакка созулган оору чыдатпай, жыйынтыгында эки бутун жоон санынан кестирүүгө туура келген.
"2016-жылдын апрель айында эки бутумдун учтары карарып баштагандан улам кестирүүгө туура келди. Бул мага абдан оор болду. Жан дүйнөм эңшерилип, заманам куурулду. Көпкө чейин көнө албай ыйлап жүрдүм. Айла жок башка түшкөн тагдырга көнүүгө туура келди. Белди бекем бууп, күнү-түнү Кудайга жалбарып дуба кылам. Балама ыйман беришин суранам", - деп кошумчалады Абдырахманова.
Каарманыбыз күнү-түнү бир орундан жылбай отурат. Анын маңдайына атайын сыналгы коюп беришкен. Көпчүлүк убактысын сыналгы көрүү менен өткөрөт. Китеп окууга мүмкүнчүлүгү жок. Бир топ жылдан бери дары ичип, дарынын күчү кулагынын жакшы укпай калышына, көздөрүнүн көрүүсүнө терс таасирин тийгизген. Рахаттын 5 бир тууганы бар. Алар кезектешип үйүнө алып барып карашат.
"Сиңдимдин ооруп калышы баарыбызды кейитти. Ушул күнгө чейин дары менен жашап келе жатат, бирок дары башка органдарга терс таасирин берет экен. Тиштери түшүп калды. 2014-жылы таманына сөөк өсүп баштаган болчу. Ошол учурда дарыгерлер карабай бир топ азапка салышкан. Тааныштар аркылуу сүйлөшүп жатып ооруканага жаткырганбыз. Бүгүнкү күндө бутун кестиргенден бери оорунун күчү азайган. Ордунан жыла албагандыктан, жаткан жеринде заара ушатат. Ал үчүн тиешелүү шартын түзүп бергенбиз", - деп билдирди каарманыбыздын бир тууган эжеси Бурулсун Кубатбекова.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Рахат мамлекеттен майыптыгы үчүн 5 миң сом алат. Алган каражатын дары, тамак-аш сатып алууга жумшайт. Буга чейин бир канча жолу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө кайрылып келген. 2016-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай маселесин чечип берүүсүн суранып кат жазган. Алар өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө табыштаган, бирок өкүлчүлүк азырынча турак жай маселесин чечип бере албастыгын айткан.
Рахат Абдырахманованын карабай таштап кеткен уулу учурда 30 жашта. Аны апасы 1,5 жашка чейин багып чоңойткон. Жолдошу менен ажырашкандан кийин уулу кайненесинде калган. Каарманыбыздын айтымында, баласы чоңоюп калганга чейин кабарлашып турган. 2014-жылдан бери таптакыр келбей, карабай койгон. Уулу үйлөнүп, анын тоюна катыша алган эмес. Уулунун үнүн уккусу келген эне баласы менен телефон аркылуу да байланыша албай жүрөт.