Улуу Британиянын ханбийкеси Кейт Миддлтон 35 жашка толду. Ал 1982-жылы 9-январда Англиянын Рединг шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү – Кэтрин Элизабет Миддлтон. Кейт Миддлтон орто билимди Мальборо колледжинен алган соң, 2001-жылы Сент-Эндрюс университетине тапшырган.
Ханзаада Уильям менен 2002-жылы Шотландиянын Сент-Эндрюсс университетинде окуп жүргөндө таанышкан. Ошол күндөн тарта эки жаш алгач дос болуп жүрүшүп, көп өтпөй чогуу жашап башташкан. Кейт Миддлтон менен ханзаада Уильямдын "кылымдын тою" деп аталган үйлөнүү тою 2011-жылы 29-апрелде болуп өткөн. Түгөйлөр 2013-жылдын 22-июлунда Жорж Александр Луи аттуу уулдуу болушкан. Ал эми 2015-жылы 2-майда кыздуу болушуп, атын Шарлотта Елизавета Диана коюшкан.
9-январга карата жылнаама.