Бүгүн, 9-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Конституцияны 2020-жылга чейин азыркыдай жол менен өзгөртүүгө каршы чыгып, мандатын тапшырган Чолпон Жакупованын ордуна “Бир бол” партиясынын тизмесиндеги Дүйшөн Төрөкулов мандат алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалым болгондой, 6-январда БШК Төрөкуловду депутат катары каттап, күбөлүгүн тапшырган. Төрөкулов ушул аптада парламенттик жыйында ант берип, кызматына киришет. Чолпон Жакупованы мандатын тапшырбоого чакыргандар көп болгон, бирок депутат айтканынан кайткан жок. Дүйшөн Төрөкулов мурда Ош шаардык Дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси болуп иштеген. Коомчулукта анын "Душка" деген ат менен белгилүү криминалдык чөйрөнүн өкүлү экени айтылып, учурда талкуу жаратууда. “Душка” каймана аты бар Дүйшөн Төрөкулов тууралуу күмөндүү суроолор партия лидери Алтынбек Сулаймановго шайлоо алдында да берилген. Ал Дүйшөн Төрөкуловду спорт тармагында жүргөн жигит катары сыпаттап, спортко аралашкан жигитти криминалга жармаштыра берүү туура эмес деген. Бирок “Душка Кара-Суу районун кармайт” деген сөздөр Сулаймановдун жообунан кийин деле токтоп калган эмес.
2015-жылы өткөн парламенттик шайлоонун алдында Ички иштер министрлиги таркаткан маалыматка ылайык, кылмыштуу чөйрөгө кайсы бир деңгээлде тиешеси бар делген 234 адам депутаттык тизмелерден орун алган. Алардын айрымдары алдамчылык, коррупцияга аралашкан болсо, кээ бири киши өлтүрүүгө да шектелгендер болгон. Кримчөйрөгө тиешеси бар делинип талкуу жараткандар бир гана “Бир бол” партиясынан эмес, башка партиялардын тизмелеринен да орун алышкан. Ошол эле КСДПдан талапкер болгон Бакыт Жетигенов криминалдык чөйрөнүн өкүлү делген Алмаз Бокушевге жакын деген сөздөр айтылса, партиянын талапкерлер тизмесиндеги Өмүрбек Бакиров жана “Дики” каймана аты бар Дилмурат Акпаралиев да кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрү деген сөз айтылган. Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутат болгон Тазабек Икрамов жана “Республика-Ата Журт” партиясынын депутаты Улан Чолпонбаевге карата да кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар деген маалыматтар айтылып, бирок расмий түрдө далилденбей келе жатат.
Бийлик мамлекеттик түзүмдөрдөгү “каралардан” аёосуз арылышы керек, ошого катар ар шайлоодо карапайым эл да кимди шайлап жатканына кызыгып, жоопкерчиликтүү болуусу абзел. Антпесе, эртең “мыйзамдашып” алган кылмышкер “кылмыштуулук менен күрөшөм” деп убада бериши толук мүмкүн. Эске салсак, Чолпон Жакупова адам укуктарын коргоо тармагында жигердүү иштеп келе жаткан инсан. Мына ушундай укук коргоочунун ордуна артынан ар түркүн аңыз кеп ээрчиген адамдын келиши бүгүнкү Жогорку Кеңештин абалын көрсөтүп турат...
2016-жылдын январь айынан тартып 11 айда Жогорку Кеңешти камсыздоо үчүн 725 миллион 535,19 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу маалымат "Ачык бюджет" порталына жайгаштырылган. Маалыматка ылайык, сарпталган акчанын 464 миллион 470,9 миң сому депутаттардын, алардын жардамчыларынын жана парламенттин иш башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлеринин айлык акысына жумшалган. Мындан тышкары 2016-жылы болгон иш сапарларга жумшалган каражаттын көлөмү 18 миллион 513,81 миң сомду түздү. Ошондой эле байланыш кызматтары үчүн 9 миллион 199,66 миң сом сарпталганы маалым болду. Мамлекеттик карызы көп, экономикасы чабал өлкө үчүн Жогорку Кеңештин чыгымы аябай эле көп. Анан калса 5 жыл бою элге пайдалуу бир мыйзам жазбай, “кнопка баскыч” атка конгон депутаттарга мындай каражат коротууга салык төлөөчүлөр ыраазы эмес. Бирок жылыштарды да белгилей кетүү керек. Жогорку Кеңеш аз-аздап чыгымдарын азайта баштаганын байкоого болот. Маселен, 2014-жылы (V чакырылышта) Жогорку Кеңештин чыгымы 800 миллионго чукулдаган. 2015-жылы чыгым 794 миллион сомдон ашыгыраак (2015-жылдын сентябрына чейин V чакырылыш, октябрдан тарта VI чакырылыш иш жүргүзгөн). 2016-жылы болсо (VI чакырылышта) 725 миллион сом, башкача айтканда, мурунку жылдарга салыштырмалуу 70 миллиондун тегерегиндеги сом үнөмдөлгөн. Албетте, акчаны мындан да көп үнөмдөөгө болмок. Ал үчүн депутаттар пайдасы жок сапарлар, жаңы отургучтар, жеке иштер үчүн коротулган байланыш акысы, күйүүчү май өңдүү чыгымдарды азайтышы керек...