Субтропикалуу Афины шаарына бул кышта экинчи ирет кар жаады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анын айынан мектептер жабылып, автобустар токтоп калган. Ал эми интернетте укмуштуудай кооз болуп калган Акрополдун сүрөттөрү жарыяланды. Чыныгы кыш байыркы борборго баш багар замат туристтер жана жергиликтүү тургундар көпкө сакталбай турган кооздукту сүрөткө түшүрүп калууга шашылышууда.
Кыштын келиши кичинекей тургундарды өзгөчө сүйүнтсө, айрым жашоочулар үйдү жылытууга кеткен электр энергиясына көп каражат төлөшөрүн айтып нааразы болуп жатышканын жазышат басылмалар.
Ошондой эле Грециянын кээ бир жерлерине 15 сантиметрге чейин кар түшүп, аба ырайы -5 көрсөткүчүнө түшкөнүн жазышкан. Мындан улам бир адам сууктан каза болсо, экинчиси мештен чыккан иске ууланып каза болгон.