Ысык-Көлдө келинди баласынын көзүнчө зордуктаган жарандын ишин эми облустук сот карайт

Ысык-Көлдө келинди баласынын көзүнчө зордуктаган жарандын иши эми Ысык-Көл облустук сотунда каралат. Азырынча биринчи сот отуруму качан болору белгисиз. Буга чейин Тоң райондук соту айыпталуучуну 4 жылга эркинен ажыраткан. Буга айыптоочу тарап макул болбой, облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Айта кетсек, 2016-жылдын 28-июль күнү 1983-жылы туулган Чүй облусунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, Балыкчы шаарынан Бишкекке келе жатканда айдоочу аны зордуктап, 5 жаштагы баласы менен талаага таштап кеткенин айткан. Бул иш боюнча кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургуну кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
akil.91
2017-01-11 15:01:15
Аябаш керек. ХХХ салышсын.
+2
admin_portal
2017-01-11 15:20:56
akil.91, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
-3
akil.91
2017-01-11 15:35:51
Ушундай жылуу жазалардан улам кылмыш кобойуп атпайбы. Бир экоосун ошентишсе анан коркуп калышмак. А так биздин олко кылмыш боюнча алдынкы орундарда го дейм
+4
Tunerbei1812
2017-01-11 15:55:11
Бул адам эмес айбандын эле иши да. Ушул соттор Адам болгондо бул ишке 1-чечим менен эле чекит коюлмак. Жок дегенде озунун эже, карындаш, кызын ойлоп коюшбайбы?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан