Чүй облусунун Жайыт пайдалануучулар бирикмелери компьютердик жабдуулар менен камсыз болушту

Чүй облусунда Жайыт пайдалануучулар бирикмелери компьютердик жана техникалык жабдуулар менен камсыз болушту. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Чүй облусунун аймагындагы 103 Жайыт пайдалануучу бирикме 14 миллион сомдон ашык акча каражатына компьютердик жана техникалык жабдуулар менен камсыз болду. Мындан сырткары кеңсеге ылайыкташкан эмеректер берилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жайыт пайдалануучу бирикмелерин компьютердик жабдуулар менен камсыздоого "Жайыттарды жакшыртуу жана мал чарбачылыгын башкаруу" долбоору көмөк көрсөткөн. Аталган долбоор 2015-жылдан 2019-жылга чейин иштейт. Буга чейин мындай жабдуулар Талас облусундагы бардык Жайыт пайдалануучулар бирикмелерине берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан