SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Баштан өткөн коркунучтуу окуялар" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Ар бир үйдүн ээси болот дейт го. Бир жолу жалгыз калганда биринчи кабаттан экинчи кабатка кадимкидей бирөө "дүп-дүп" деп басып чыгып келип, мен жаткан бөлмөнүн эшигин акырын ачты. Бир аз туруп кайра акырын жаап, "дүп-дүп" деп түшүп кеткен. Бирок үйдүн эшигин мен бекиткен болчумун. А тигинин жүзүн көрө алган эмесмин, анткени чүмкөнүп жатып алгам коркуп. Мындайда үнүң да чыкпай калат экен. Кийин ошондой эле окуя болгонун биздин үйгө жатып кеткен бөлөм да айткан".
"Мен 8 бөлмөлүү (2 кабат) үйдө 5 күн жашагам. Негизи, 7 күн жашап карап турушум керек эле, 4-күнү түнү эшикке чыгып ары-бери басып, кайра кирип баратсам бөлмөлөрдүн биринен бирөөнүн бир нерсе издеп жаткандай дабышын, ары-бери басып түкүрүнгөнүн угуп, шашып мен жаткан бөлмөгө кире качтым да, ошол бойдон чыккан жокмун. Эртең менен эрте туруп үйүмө качкам. Кийин агам келип "Үйдү карап турдуңбу?" десе "ооба" деп койгом".
"Жайлоодо түндө ойгонуп алдым. Анда 6-7 жашар элем. Көзүмдү ачсам босогодо ак киши турат, мени карап. Жүрөгүм алкымыма кептелип калды. "Айжама-аал", "Айжама-аал" деп үн чыгарат. Апама колумду сунуп бир жетсемчи... Болбосо мага жакын эле жатат. Эптеп бар күчүмдү жыйып апамды дагы ойготуп алдым. "Ак киши-ии" деп шыбырап коём. Апам туруп чырактын жарыгын чоңойтту эле, босогодо ак киши эмей эле, чоң сүлгү илинип туруптур".
"Үй ээси эмес, үй периштелери бар делет. Бул хадистерде далилдери менен бар, бирок бизге алар көрүнбөйт".
"Үйдүн ээси эмес, ар кай жерде жин-шайтандар болот".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.