Москва, Киев, Фрунзе көчөлөрүнүн, Чүй, Жибек-Жолу проспектилеринин, Бөкөнбаев, Абдрахманов, Панфилов көчөлөрүнүн, Эркиндик бульвары, Тоголок Молдо, Орозбеков көчөлөрүнүн жээктеринде жайгашкан тротуарлар оңдолот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 11-январда кабарлады.
"Учурда оңдоо иштери аба ырайынын суукташына байланыштуу токтоп турат. Жаздын башталышы менен оңдоо иштери улантылып, май айынын аягына чейин бүткөрүлөт. Оңдоо иштерине шаардык бюджеттен 50 миллион сом коротулат", - деп айтылат маалыматта.
"Бишкек асфальт-сервис" муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, калаада кышкы технология боюнча чуңкурларды оңдоо иштери башталды.
Ишкана аба ырайынын жылышын күтпөстөн, оңдоону абдан талап кылган жолдордогу чуңкурларды оңдоп баштады. Оңдоо иштери Манас, Жибек-Жолу, Чүй проспектилеринде, Абдрахманов жана Көлбаев көчөлөрүндө жүргүзүлүүдө. Учурда Алматы көчөсүндөгү авариялык чуңкурлар оңдолуп жатканы маалымдалды.