1-январдан 10-январга чейин Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна тайгаланып жыгылып, жаракат алган 195 тургун кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын 40ы ооруканага жаткырылып, 155и амбулаториялык дарылоодон өтүштү. Жаткырылган бейтаптардын 13үнүн колдору сынса, 22синин буттары сынган.
"Жөө адам үчүн жол тоңголок кезде эки кооптуу абал жаралат: тайгаланып жыгылуу же унаага урунуу. Суук башталганда көчөдөн жаракат алгандардын саны көбөйөт. Алардын көбү колу-бутун сындырып же чыгарып, катуу урунуп калышат", - деп айтылат маалыматта.
Тайгак жолдо бара жатканда тизени бүгүп, тулку бойду бир аз алдыга таштоо керек. Колдорду чөнтөккө салбаңыз. Тоңголок жерде басып бара жатып ары-бери карабаңыз. Жашы өтүп калгандар таяк менен басышы зарыл.