Депутаттар Улуттук илимдер академиясында реформалардын жүрүшү менен таанышышат

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында реформалардын жүрүшү жөнүндө» темасына коомдук угуу өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 17-январда өтөт. Коомдук угууларда Улуттук илимдер академиясында реформаларды жүргүзүү жөнүндө маселелер талкууланат.

Иш-чарага Улуттук илимдер академиясында реформалардын жүрүшү жөнүндө маселени иликтөө боюнча депутаттык жумушчу топтун мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү министрликтердин, мекемелердин, илимий чөйрөлөрдүн, жарандык сектордун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан