Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу жана жоюу тармагындагы түзүмдүк бөлүмдөрдүн аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга Мамлекеттик-экологиялык техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын башчысы, Бишкек башкы архитектура башчысынын милдетин аткаруучу жетекчиси, райондук администрациялардын башчылары, сот аткаруу департаментинин өкүлдөрү, шаардын техникалык жана инженердик кызматтардын өкүлдөрү катышты.
"Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө боюнча алдын алуу чараларынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды. Талкуунун жыйынтыгында мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү боюнча штаб түзүү чечими кабыл алынды. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу жана жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлдү", - деп билдирди басма сөз кызматы.