Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров (КСДП) "Ноокат районунда 131 гектар жер тилкеси Өзбекстандын жарандарына сатылды" деген маалымат чын же калп экенин текшерүүнү өкмөттөн суранды. Анын айтымында, айрым массалык маалымат каражаттары аркылуу аталган маалымат тарап жатат. "Бул маалымат канчалык түрдө чын? Эгер калп болсо, аны төгүндөш керек. Эгер чын болсо, кылмыш ишин козгоп, күнөөлүү чиновниктерди жоопкерчиликке тартыш керек", - деп кайрылды өкмөттүн өкүлүнө депутат.