Депутат "баш калаага Бишкек баатырдын эстелигин тургузуу керек" дейт

2017-жылы борбор калаага Бишкек баатырдын эстелигин тургузуу керек. Мындай сунушун бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков ("Кыргызстан") билдирди.

Анын айтымында, эстеликти мэриянын алдына же борбордук аянтка тургузса болот. "Тарыхчылар Бишкек баатырдын кыргыз эли үчүн жасаган баатырдыгын жогору баалап, 1991-жылы борбор калаага анын аты коюлган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Бишкек баатырдын эстелиги жок экен. Эстеликтен тышкары чакан музей да курсак болот. Акча каражатты марафон уюштуруп, бул иш-чаранын эсебинен алсак болот. Сырттан келген конокторго Бишкектин тарыхы менен таанышуу үчүн баатырыбыздын эстелиги жана музейи жардам бермек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан