Дүйнө боюнча болуп жаткан теракттардан улам Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги мекендештерди сак болууга чакырды

Дүйнө жүзү боюнча катталып жаткан теракттардан улам Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги мекендештерди сак болууга чакырды.

"Акыркы күндөрдө катталып жаткан теракттар жана коомчулукта террордук таасир күч алып жатканын эске алып, сак болууга, коопсуздук үчүн чара көрүүгө чакырабыз. Адамдар көп чогулган жерлерге баруудан алыс болуп, зарылчылык болбосо жашаган жериңерден чыкпоону сунуштайбыз", - деген билдирүү тараткан элчилик.

Ошондой эле элчилик мекендештерди транспорт каражатында, маданий оюн-зоок, спорттук иш-чараларда жана соода борборлордо жүргөндө айланасындагы абалды көзөмөлдөөгө чакырган.

"Унутта калган нерселерди көрсөңүз, аларга тийбей, айдоочуга, объекттин кызматкерлерине, коопсуздук кызматына, полицияга кабарлаңыз. Шек жараткан баштыктын, кутучанын же дагы башка заттын ичин карабаңыз", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан