Кечээ, 11-январда саат 18:30 чамасында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын мектебинин от казаны жарылып кеткен. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, кырсыктан жабыркагандар жок. Мектептин дубалдарынан жарака кетип, имарат кооптуу абалда. Мындан улам балдарга окуганга мүмкүнчүлүк жок. "Окуу жайда 1-класстан 11-класска чейин балдар окушат. Имарат 1 кабаттуу. Учурда оңдоо, тазалоо иштери жүрүүдө. Жарылуу эмне себептен болгону азырынча белгисиз", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.