АКШнын президенти Барак Обама кечээ, 11-январда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элине кайрылып, ыраазычылыгын билдирген. Анда ал: "Баарыңарга рахмат. Менин акыркы суранычым алгачкыдай эле. Силерден суранарым, мен өзгөрүүлөрдү киргизе аларыма эмес, силер киргизе аларыңарга ишенгиле", - деп жазган. Бул билдирүүнү учурда 726 604 колдонуучу бөлүшүп, 1 миллион 502 760 "жакты" белгиси басылган.
Обаманын башка билдирүүлөрүндө мындай көрсөткүчтөр болгон эмес. Учурда бул аккаунтка 13 миллиондой колдонуучу жазылган. Инаугурация күнүндө аккаунт жаңы өлкө башчы Дональд Трампка өткөрүлөрү маалым болду.
Ал эми эл менен жолугуп, коштошуу иш-чарасы кечээ, 11-январда Чикагодо болуп өткөн. Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, ал сөзүн тынчтанбай, "дагы 4 жылга кал" деген кыйкырыктардан улам баштай албай, акыры график бар экенин эскертип элди тынчтандырган. Анын сөзү 1 сааттай уланып, президенттердин коштошуу сөздөрүнүн эң узагы болуп калганы маалымдалат.