Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы Болсунбек Казаковдун бүгүн, 12-январда тегерек столдо берген маалыматы боюнча, медициналык жайлардын ичинде жана сыртында сатылган дарылардын бааларына жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, бааларда айырма бар.
"Медициналык жайлардын ичинде сатылган дарылардын баалары сыртта сатылгандардан 2 эсе кымбат экени аныкталды. Мындан сырткары өтө маанилүү дары-дармектер өлкөнүн аймагында Америка жана Европага караганда 10 эсе кымбат. Фармацевттик компаниялар сатылып алынган баасына логистиканы эсепке алып, кеткен чыгымдарын кошуп сатышы керек болчу", - дейт Казаков.
Агенттик медициналык жайлардагы дарыканаларды жабуу жана буга көз жумган директорлорго иликтөө жүргүзөрүн кошумчалады башчы.
"Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине тургундардан нааразычылык түшкөн. Алардын айтуусу боюнча, поликлиникаларда жана ооруканаларда дары-дармектер башка дарыканаларга караганда кымбат сатылат", - дейт Б.Казаков.
Ошондой эле бул факт мониторингдин жүрүшүндө тастыкталганы маалым болду.