Кечээ, 11-январда "Талибан" жоочуларынын колуна 5 ай мурун түшкөн австралиялык Жон Уикс менен америкалык профессор Кевин Кингдин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампка кайрылган видеосу интернетке тарады.
"Guardian" басылмасынын маалыматы боюнча, аларды Кабулдагы Америка университетинин шаарчасынын жанынан уурдап кетишкен. Видео 1-январда тартылганы маалым болду. Анда Кинг жоочулардын америкалык бийликке коюлган талаптарын айткан. Жоочулар колго түшкөндөрдү "аскерлерине" алмаштырышарын билдиришкен.
"Дональд Трамп, мен сизден өтүнөм, баары сиздин колуңузда. Талибдер менен сүйлөшүүгө чыгууңузду суранам" деген Кинг жоочулардын талабы аткарылбаса, туткундагыларды өлтүрүшөрүн кошумчалаган.