Кыргыз жеринен Казакстандын аймагы аркылуу автоунаа менен товар ташууга учурда чектөө жок. Бул тууралуу 12-январда SUPER.KG порталына Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.
Министрликтин Агромаркетинг жана өндүрүш коопсуздугу башкармалыгынын башчысы Жумабек Асылбеков ырастагандай, бүгүнкү күндө өлкөнүн товарлары Орусия жана башка өлкөлөргө мурункудай эле тартип менен өткөрүлүүдө. "Казакстандын вице-премьеринен расмий кат келди, анда эч кандай чектөө жоктугу айтылат. Чектөө киргизилгени тууралуу катты буга чейин Казакстандын атынан ким жөнөткөнүн билбейм", - деди Асылбеков.
Эскерте кетсек, буга чейин Казакстан Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн азыктарды Орусияга алып өтүүгө чек койгону тууралуу айтылган.