Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жогорулашы жеке ишкерлердин нааразычылыгын жаратууда

Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жогорулашы жеке ишкерлерди нааразы кылууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Социалдык фонддун пенсиялык саясат бөлүмүнүн башкы адиси Чолпон Өмүрбекова SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы 19-мартта өкмөт тарабынан кабыл алынган мыйзамга ылайык, 2017-жылдын 1-январынан тарта камсыздандыруу төгүмү жеке ишкерлер үчүн жогорулады.

"2017-жылдын 1-январынан тарта пенсиялык системдин концепциясын өнүктүрүү планына ылайык, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн баалары жогорулаган. Төгүмдөрдүн өзгөрүлүшү жарандардын болочоктогу пенсиясына кошкон салымын көбөйтүү менен байланыштуу. Биздин систем боюнча жарандын пенсиялык төлөмү жеке эсебиндеги каражатка ылайык болот. Канчалык көп төлөнсө, пенсияны ошончолук жогору алат", - деди Өмүрбекова.

Маалыматка ылайык, базарда соода орундарда иштегендерге камсыздандыруу төгүмү 3 пайыздан 4 пайызга жогорулады, ал эми патент менен иштеген калган жеке ишкерлердики 8 пайызды түздү.

Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү 2018-жылга чейин дагы өзгөрүлмөкчү.

"Азыркы мыйзамга карата болуп жаткан нааразычылыктарды, экономикалык абалды эске алып, төгүмдөрдү былтыркы пайыздык төлөмдө калтыруу сунушун өкмөткө киргиздик", - деп кошумчалады башкы адис.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан