Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында 2 УЗИ бөлмөсү бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин жетекчилигинен билдиришти.
Ооруканадан түшүндүрүшкөндөй, учурда ОРВИ (дем алуу органдарынын түрдүү вирустар козгоочу курч кармаган жугуштуу оорулары) жана сасык тумоо илдети менен ооруган адамдардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу күнүнө кеңеш берүү бөлүмүнө орто эсеп 250-300 амбулатордук бейтап кайрылууда. "Алардын 80дейи ооруканага жаткырылат. Ошондуктан бардык аппараттарга кезекке тургандар көп. Ооруканада 2 УЗИ бөлмөсү бар: бири амбулатордук оорулуулар үчүн болсо, экинчиси стационардык бейтаптар үчүн", - дешти ооруканадан.
Айта кетсек, бүгүн, 12-январда SUPER.KG порталына окурман кайрылып, аталган ооруканада жаш балдар ыйлап жатышса да дарыгерлер ишин тездетишпегенин айткан.