Алтын жалатылган төш белгилер чырынан улам депутаттарга убактылуу мандаттар берилет. "Дүйнөдө да ушундай кылышат"

2016-жылдын 11-декабрында шайланган жергиликтүү кеңештердин депутаттарына убактылуу мандаттар берилет. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, депутаттар үчүн төш белгилерди жана ырастамаларды сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылып, соттук иштер жүрүп жатат. "Башкы прокуратура жана мекемелер аралык комиссия кайрадан тендер өткөрүү боюнча сунуш беришти. Мындан тышкары тендерде жеңген компания да сотко кайрылды. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына 1-2 айдан кийин төш белгилери берилиши мүмкүн. Ага чейин аларга убактылуу мандаттар берилет. Дүйнөдө да ушундай кылышат. Бул эл аралык практика", - деди Шайлдабекова.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын ноябрь айында Борбордук шайлоо комиссиясы 6,3 миллион сомго жергиликтүү кеңештин депутаттарына алтын жалатылган төш белги жана кызматтык күбөлүк сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Декабрда БШК тендердин жыйынтыгын чыгарып, жаңы 9000 депутаттын төш белгиси жана күбөлүгү үчүн 4,7 миллион сом жумшаларын билдирген эле. Катышуучулардын арасында 9 миң төш белгини 675 миң сомго жасап берүүнү сунуштагандары да болгон, бирок БШК негедир кымбатын тандаган. Тендерге катышкан компаниялар жыйынтыкка макул эместигин билдирип, нааразычылык күчөгөндө БШК жыйынтыкты жокко чыгарууга аргасыз болгон.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
A3A
2017-01-12 16:05:49
Ысырапкорлор 1 тыйынга дагы жоoп бересинер!
+5
A3A
2017-01-12 16:06:42
Жон эле ысырапкерчилик
+6
Gulkin
2017-01-12 16:15:17
делать нечего да. ушуга акча коротуп не кереги барле
+5
burma92
2017-01-12 16:41:16
6 миллион калкыбыз болсо 9000 депутат коп эмеспи
+2
A3A
2017-01-12 16:57:35
Ашка жук, башка жук болгон
ч..
а..
н..
а..
ч..
т..
а..
р..
+3
abusait
2017-01-12 17:03:11
Мейли жасатсын, бирок депутаттар оздорунун чонтогунон.
+3
talant87
2017-01-12 18:07:09
мен айылдык кенештин депутатымын куболук берсе болду мага кереги жок тош белги.
+3
nur_zhoni
2017-01-12 19:28:20
talant87, куболук деле албайле кой
+3
tyrgon
2017-01-12 20:55:59
жергиликтуу депутаттарга мнеге анча. жонле журушсун танылбай калмак белее билебизда ким ким экенин
+2
talant87
2017-01-12 21:35:55
ал куболук менен райондо же областа сени тастыктайт суроту бар ошол себеп болуш керек значок ал тушуп да же башка киймде калат
+1
tagokg
2017-01-13 09:14:21
1 төш белгини 75сомго жасап берем деген компания утпастан 522 сомго жасап бере турган компания тендерден утканы эмнеси я БШК???? коррупция бар го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан