Кечээ, 11-январда "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому интернет жеткирүүчү компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абоненттерин туруктуу баадагы сапаттуу интернет менен камсыздаганын жарыялаган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Байланыш операторлор ассоциациясынын башчысы Нурбек Абасканов бүгүн, 12-январда SUPER.KG порталына Казакстан Кыргыз өлкөсү үчүн интернеттин баштапкы баасын ноябрь айында кайтарганын айтты.
"Эми Казакстан интернеттин бааларын январь айынан тарта төмөндөтүү жагын да карамак. "Телеком" өзүнүн абоненттери үчүн бааны төмөндөттү. Ал ишкана Кыргыз өлкөсүнө жалпы интернеттин 20 пайыздайын алып келет. Баанын төмөндөшү, албетте, биз үчүн жакшы. Кыргыз жериндеги бардык операторлор интернет баасын төмөндөтүү тенденциясына ээ", - деп кошумчалады Абасканов.