ЖЫЛНААМА, 12-ЯНВАРЬ: 389 жыл мурун "Күлчү кыз", "Өтүкчөн мышык" жомокторунун автору, франциялык жазуучу-жомокчу Шарль Перро төрөлгөн

Мындан 389 жыл мурун, 1628-жылы 12-январда франциялык жазуучу-жомокчу, акын жана сынчы Шарль Перро Париж шаарында төрөлгөн. Ал жазуучулуктан тышкары Франциянын каржы министри Кольбердин адвокаты болгон. Ш.Перрого дүйнөлүк атак-даңкты "Өтүкчөн мышык", "Көк Сакал", "Күлчү кыз" жомоктору алып келген.

Башында Перро жазган жомокторун жарыялоодо өзүнүн атын эмес, 18 жаштагы уулу Пьер Дарманкурдун ысымын жазган. Себеби абройлуу жазуучунун жомок жазуусу коомчулук тарабынан олуттуу эмес, жеңил ойлуу иштей кабыл алынат деп кооптонгон. 1697-жылы жазуучу "Каз эненин жомоктору" деген жыйнагын жарыкка чыгарган. Ш.Перрону дүйнөлүк балдар адабиятынын жана адабияттык педагогиканын түптөөчүсү деп аташат. Анын жомокторунун негизинде "Күлчү кыз", "Көк Сакал падышанын сепили" опералары, "Уйкудагы сулуу" балети жаралган. Ошондой эле "Уйкудагы сулуу" деген мультфильм тартылып, 2014-жылы фантазиялык жанрдагы "Малефисента" тасмасы жарык көргөн. Анда феянын ролун белгилүү актриса Анжелина Жоли аткарган.

Атактуу жазуучу 1703-жылы 16-майда 75 жашында Парижде көз жумган.

12-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан