Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 12-январда мамлекеттик жөлөк пулдар тууралуу атайын түшүндүрмө берди. Мамлекеттик жөлөк пулдардын 2 түрү бар: балдары бар аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ай сайын берилчү жөлөк пул жана ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул.
Үй-бүлөнүн 1 айлык кирешеси кепилденген минималдык кирешеге жетпесе, ал үй-бүлө аз камсыздалган деп эсептелип жөлөк пул алууга укуктуу. Бүгүнкү күндө кепилденген минималдык кирешенин суммасы 900 сом. Демек, үй-бүлөнүн кирешесин үйдөгү адамдарга бөлө келгенде ар бир адамга 900 сомдон тийбей калса алар жөлөк пул ала алышат. Ал жөлөк пулдар:
1. 18 жашка толо элек ар бир балага ай сайын берилчү жөлөк пул - 810 сом
2. Ымыркай төрөлгөндө бир ирет берилчү жөлөк пул (сүйүнчү пул) - 2700 сом
3. Эгиз балдар 3 жашка толгуча берилчү жөлөк пул - ар бирине 900 сомдон
4. Үч эмдер 16 жашка толгуча берилчү жөлөк пул - ар бирине 1350 сомдон
Ал эми ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабай берилет. Аны негизинен ишке жөндөмсүз жарандар алышат. Мисалы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар. Суммасы азыркы учурда 1000 сомдон 3000 сомго чейин.