Ысык-Көл облусунун башчысы Боом капчыгайындагы кафелердин ээлери менен кайрадан ажаткана маселесин талкуулады

Ысык-Көл облусунун башчысы Асхат Акибаев Балыкчы шаарынын мэриясынын имаратында Боом капчыгайындагы кафелердин ээлери менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун алкагында келе жаткан туристтик сезонго даярдыктар тууралуу маселелер каралганы маалымдалат. Ыйгарым укуктуу өкүл жакшы сервис жана кардарларды жакшы тейлөө кафенин эле эмес, облустун да кадырын көтөрөрүн белгилеп, сервисти жана ажатканаларды 17-апрелге чейин шайкештикке келтирүү керектигин айткан.

"Өткөн жылы бул маселелер тууралуу сүйлөшкөнбүз, бирок анда туристтик сезон башталып калган. Бул ирет ага чейин эле жолугууну туура көрдүк. Мындагы тамактануучу жайлар - облустун жүзү. Эгер сервис жана тейлөө сапаттуу болуп, ажатканалар стандарттарга жооп берсе, облус тууралуу ойлор да жакшы болот", - деген Акибаев.

Эскерте кетсек, 2016-жылы көптөгөн чет элдик жана жергиликтүү тургундар кафелердин тейлөөсү менен ажатканалардын абалы начар экенин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tilek-x
2017-01-13 20:59:42
Маладец ошентишсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан