Жогорку Кеңеш шайлоодо добуш сатып алгандарды түрмөгө камоого жол берген мыйзамды кабыл алды

Жогорку Кеңеш шайлоодо добуш сатып алгандарга карата жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн 100-300 миң сом айып пул же 3-5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралды.

Мындан тышкары добуш берүүдө жана шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук жасаган адамга 20-30 миң сом айып пул салынат же ал 2 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эгер адам кызматтык абалынан пайдаланып, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишсе, ага 30-50 миң сом айып пул салынат же 2 жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгер ушул эле аракет алдоо, кыйноо же коркутуу менен жасалса, 50-80 миң сом айып пул салынат же 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
beka1207
2017-01-12 20:59:37
Ушул мыйзамдын өзүндө коррупция бар-:20-30миң сом айып же 3жылга түрмөгө дегени кандай?албетте кармалган адам пара берип атып түрмөгө түшпөйт!
+6
Manas230595
2017-01-12 22:40:46
beka1207,туура айтасын бул кандай мыйзам болуп калат наборот добуш сатып алууга жол ачатко не ошо 100 минден коркуп отурабы шайлого намзатын койгон адам бул акчасы коп адам болот барынар ХХХ камаш керек айып пул же эркинен ажыратылат эмес толко эркинен ажыратылат деш керек ошентип кайдагы болбогон мыйзамды кабыл алып кайрадан кайдагы пизнесмен акчасы бар акылы жокторду бийлике апкелесинер эсли ушу еле мыйзамды бирону олтурсо 500 000 деп чыгарса анда эчким
+1
admin_portal
2017-01-13 09:23:01
Manas230595, этика нормаларын сактаңыз!
0
Manas230595
2017-01-12 22:41:46
Адам олтургондон коркпой калмак 2 вариянт болсо жакшыго кайсы мееси жок ойлоп чыкты ушуну
0
Adilet2014
2017-01-13 00:50:43
Мыйзам жазып эле жатышат, жазып эле жатышат.... түшүнбөйм... ал мыйзамдын баары карапайым калк үчүн эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан