Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 12-январда Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында социалдык мекемелердин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алгач Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Баткен районунун Орто-Боз айылындагы бала бакчанын ачылыш салтанаты болуп өттү. Өкмөт башчы белгилегендей, өлкө көз карандысыздыкка ээ болгондон тарта балдардын билим берүү мекемелеринин 90 пайызга жакыны менчиктештирилип кеткен. Жалпысынан республика боюнча 1500дөн ашуун бала бакча менчиктештирилсе, анын 198и мамлекетке кайтарылган.
Андан соң премьер-министр Баткен районунун Паскы-Арык айылындагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин курулушу менен таанышты. Маалым болгондой, бул мекеменин курулушу 2016-жылдан бери жүргүзүлүүдө. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат, мектеп 150 орунга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө мектептин окуу корпусунун курулушу толугу менен аяктап,
спортзал курулуп жатат.
Сооронбай Жээнбеков Лейлек районунун Тогуз-Булак айылына да барып, мектептин курулушу менен таанышты. Курулуш 2015-жылдын августунда башталып, эски мектептин аймагында салынууда. Азыркы кезде мектептин каркасы тургузулуп, чатыры жабылды. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат, мектеп 225 орунга ылайыкталган.
Андан соң премьер-министр Лейлек районунун Исфана шаарындагы №48-кесиптик лицейдин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анда ашпозчу, слесарь, кондитер жана автомастер адистигине окутулат. Бул объект лицейдин мурдагы имаратынын ордунда жайгашып, курулушу 2008-жылдан бери жүргүзүлүүдө. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат. Бүгүнкү күндө окуу корпусунун чатырын жабуу иши бүткөрүлдү.