Мамлекеттик бюджеттен жаңы темир жолдорун курууга каражат бөлүнбөй жатат. Мындай маалымат бүгүн, 13-январда "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын маалымат жыйынында айтылды.
"Темир жол тармагында акыркы 5 жыл ичинде бир топ ийгиликтер жаралды. Жакында Орусияда сүйлөшүүлөрдүн негизинде Казакстан аркылуу жүк ташып өтүүдө тарифтерди арзандатууга жетиштик. 2011-жылдан бери темир жолдун алдына коюлуучу 130 чакырымдагы 214 миң жыгачты бетонго алмаштырууга жетиштик", - деп билдирди "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын чарбалык иштер боюнча башчысы Сапар Садыралиев.
Жыйындын жүрүшүндө аталган ишкананын кызматкери Эрнис Докенов: "Соңку жылдары мамлекеттик бюджеттен темир жол курууга каражат бөлүнбөгөндүктөн жолдор курулбай жатат. Ошол эле учурда унаа жолдору үчүн миллиондогон сомдор бөлүнүүдө. Темир жолдун да мааниси унаа жолу менен бирдей", - деди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 9 айында "Кыргыз темир жолу" ишканасы 2 миллион 756 760 сом киреше тапкан.
Эске салсак, буга чейин "Кыргыз темир жолу улуттук компания" мамлекеттик ишканасы Казакстан аркылуу товарларды ташып өтүү тарифи арзандаганын айткан.