Мектептерде окуу 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталып калышы мүмкүн

Кыргыз Республикасында мектептерде окуу 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталып калышы мүмкүн. Тиешелүү маселе бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын отурумунда талкууланды.

Демилгечи депутат Дастан Жумабековдун айтымында, эгер окуунун башталышы жылдырылса, аймактарда балдар ата-энелерине түшүм чогултуу иштери боюнча жардам бере алышат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун жооп беришинче, ал жетектеген мекеме мындай өзгөртүүгө каршы эмес.

Билим берүү жана илим министрлиги да окуунун башталышын 15-сентябрга жылдырууга каршы эместигин билдирди. "Эгер мектептерде жана жогорку окуу жайларда окуу 15-сентябрда башталып калса, окуу май айында аяктайт. Ашып кетсе, 5 күнгө жылат. Эң негизги милдетибиз - билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Мекемелер аралык комиссия окуунун башталышын жылдыруу экономикага кандай таасир этери тууралуу корутундусун 2-3 айдан кийин берери күтүлүүдө", - деди билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
tynara81
2017-01-13 11:43:33
Азербайжанда окуу 15- сентябрдан башталат экен, СССР таркагандан бери .
-4
Majit1975
2017-01-13 13:28:12
tynara81,сага аны ким айтты
-1
tynara81
2017-01-13 23:26:33
Majit1975,"В отличии от многих стран — бывших республик Советского Союза — в школах Азербайджана новый учебный год начинается 15 сентября, а не 1 сентября. И этот день является важным праздником для всей страны." деп интернеттен таптым.
0
rukopashnik
2017-01-13 11:51:07
туура чечим
0
TIRIK.
2017-01-13 11:54:34
Окубай эле койбойлубу. Ансыз деле кечке дем алып атабыз.
+4
Nuura
2017-01-13 11:58:16
Кыргызстаныбызда 1- сентябрьдан башталган мектептер жана окуу жайлар башталганы биз кыргыздар учун озгочо биз ушул нерсеге конгонбуз.Мисалы чет олкодо 1-сентябрь озгочо кун эмес анткени бардык окуу жайлар сентябрьдын 10 да же 15 де башталат .Кыргызтаныбызда майдын 25 да озгочо ээ а чет олкодо мектептер июньдун акырларында бутот.Май айынын 25 чи числосу бул чет олколуктор эч кандай кызык кун эмес.
0
ruslanz
2017-01-13 12:03:37
Nuura, Ага конгон, буга деле конобуз. Же 1-сент. ата-бабалардан бери келе жаттыбы эле. Убакытты туура пайдаланганга отушубуз керек.
0
ruslanz
2017-01-13 11:59:05
Туура маселе, сент. айында балдар жайлоодо,тушум жыйууда. 15нен баштап жакшылап окушса эле жетет. Окубаган баланы 12 ай окутса деле пайда жок.
+2
tuigan.
2017-01-13 12:15:09
15сентябрда башталышын колдоймун
+3
azamat.k
2017-01-13 12:16:29
Туура чечим кылышыптыр, болбосо 31-август эгемен кунун майрамдап,1-сентябрга копчулук мугалимдер башы ооруп кыйналып калышат экен.Негизи окууну октябрдан баштаса жакшы болмок,чоп чарды оруп,малдын баарын жайлоодон кочуруп тушушко жардам беришмек окуучулар.
0
MIRlan
2017-01-13 12:39:48
1 эле сентябрда башталганы жакшыго дейм. Ансыз деле кее бир мектептерде 5 күн окушса, мугалимдердинда айлыктары азаят экенда э?!
0
Taalaibek.
2017-01-15 08:04:31
MIRlan,Сен кааласан каалабасан да балдар сентябрь айында окушпайт себеби тушум жыйноо убагы да.
0
omuraliev96
2017-01-13 12:40:25
Ошентип кара жумуш деп журуп биз илимден артка калып жатпайбызбы! Менимче окуучулар 1-сентябрдан баштап окуй башташса жакшы болмок, алардын азыр татыктуу билим алуудан башка милдети жок деп ойлойм!
+4
omuraliev96
2017-01-13 12:41:04
Ошентип кара жумуш деп журуп биз илимден артка калып жатпайбызбы! Менимче окуучулар 1-сентябрдан баштап окуй башташса жакшы болмок, алардын азыр татыктуу билим алуудан башка милдети жок деп ойлойм!
+1
omuraliev96
2017-01-13 12:41:52
Ошентип кара жумуш деп журуп биз илимден артка калып жатпайбызбы! Менимче окуучулар 1-сентябрдан баштап окуй башташса жакшы болмок, алардын азыр татыктуу билим алуудан башка милдети жок деп ойлойм!
0
BekAmir
2017-01-13 12:56:23
Туура эле чечим. 1-сентябрдан копчулук окуучулар бара албайт, айрыкча айыл жеринде. Тушум жыйнашат дегендей. Баарыбир 15теринде барышат, сабактан артта калат
0
jamilya03
2017-01-13 15:30:33
Айыл жериндегилер ансыз деле иш маалында оздору каникулга чыгып алышат.Ишенбесенер жангак терим маалда барсанар тоолуу айылдарга директору баш болуп жангак терип жургон болот.
-2
nura.177
2017-01-13 18:02:24
jamilya03,ошон учун экономиканы которушту ойлонуш керек депутаттар окууну окуп алышат, вузду бутуп темселеп журушотко чет жерде
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан