2017-жылы Кыргыз өлкөсүндө ак илбирсти сактоо боюнча саммит өтөт

Ак илбирсти сактоо боюнча саммитти өткөрүү уюштуруу комитетинин жыйынында кеңири талкууланганы, жыйын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы астында өткөнү маалым болду.

Саммитти биздин өлкөдө өткөрүү тууралуу биринчи жолу 2015-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун климаттык өзгөрүүлөр боюнча жыйынында белгилүү болгон.

Бул багыттагы БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Глобалдык экологиялык фонддун катчылыгы, ЮСАИД, Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фонду сыяктуу эл аралык уюмдар 2017-жылы саммиттин Кыргыз өлкөсүндө өтүшү мамлекеттер аралык бири-бири менен болгон байланышты чыңдоодо жана жаратылышты коргоодо мааниси зор экенин билдирди.

Алдыда боло турган иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө улуттук деңгээлде концепциянын алгачкы варианты иштелип чыккан.

Даярдык иштери тууралуу келерки жыйын февраль айынын башында өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан