Сириялык качкынды бутка тээп кулаткан венгриялык оператор кыз шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыратылды

2015-жылы сентябрда сириялык качкындардын бирин чалып жыгып, орунсуз жоругу менен дүйнөгө таанылган венгриялык оператор Петра Ласло шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, сотто Ласлонун жактоочусу анын бул ишке барганына өзүн коргоо аракети себеп болгонун белгиледи. Ласло соттун чечимине нааразы болуп, доо арыз менен кайрыларын айтты.
Көп өтпөй оператордон жабыркаган качкын Усама Абдель Мохсен испаниялык белгилүү клуб “Хетафенин” машыктыруучулар штабына кызматка чакырылган. Мындай сунушту “Хетафе” Усаманын мурун Сирияда бул кызматты аркалап жүргөнүн билген соң билдирген.

19-сентябрда футбол боюнча Испания чемпиондугунун 4-турунда мадриддик "Реалдын" футболчусу Криштиану Роналду сириялык качкындын уулун майданга жетелеп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
keba300989
2017-01-13 16:26:52
Туура чечим чыгыптыр тартип кучтуу экен, качкынга жардам бергендин ордуна чалып жыкканы туура эместа курсагы ток бала менен ач бала ойнобойт деген ушул болсо керек кыз башы менен уялбаганын.
+13
KUMKA
2017-01-13 16:28:57
Байкуш баласы,коркуп калыптыр.Журналисттин денгээлининтомондугу, же таш боордугу
+15
more22
2017-01-13 19:00:00
Усама ошол операторду кечирип кайра рахмат айтса болот экен ошонун айынан жакшы ишке жетишиптир туура оператор таш боорлук кылган экен
-10
rukopashnik
2017-01-13 20:00:05
качкынбы байбы кембагалбы, адам да ал деле,
+7
Seiil.94
2017-01-13 20:49:54
Роналдо азамат экен баласынан конулун которуп.
+7
Nurtilek001
2017-01-13 22:12:26
Бала которуп бараткан адамды эмнеге жыгат,туура чечим болуптур.
+4
BekAmir
2017-01-14 00:11:56
XXX экен. Андайлар адам деген атка татыктуу эмес
+2
admin_portal
2017-01-16 11:26:15
BekAmir, этика нормаларын сактаңыз!
0
altyshka_23
2017-01-16 11:17:10
Видеосун корсонор бир эле бул кишини жыккан эмес,чуркап кетип жаткан жаш кыздында ичине тепкен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан