SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Коомдук унаа" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кээ бир улуу муундагы адамдар орун берген адамга "рахмат" деген бир ооз сөздү да аяшат. Жок дегенде ошол орун берген адамдын колундагы оор баштыгын колуна кармап албайбы".
"Качан көрбө, айдоочулар телефон менен сүйлөшүп барышат: "Эй, каякка жеттиң? Мен баланча жакка жеттим", "тигини жай айда деп айтып койчу", "баланча жерде милиция бар экен"... Бир жагынан акча санап, бир жагынан кирип жаткан кишинин санын эсептеп, бир жагынан телефонго жооп берип, бир жагынан ат чабышка түшкөнсүп үчүнчү сызыктан күтүүсүз бурулуштарды жасап, упай топтоп жаткансып, тосуп турган кардарларды да салганга үлгүрөт".
"Улутчулмунбу билбейм, мен коомдук унаада башка улуттун аялдарына орун бошотпойм. Эгер ал кары же боюнда бар болсо гана туруп берем. Бирок көзүнөн от чачырап, шиш така кийип, тим эле жарышка түшчүдөй болгондорго турбайм деле".
"Бизде рахмат айтпай отуруп алгандар көп эле кездешет. Кыргыздарда улууну сыйлоо "по умолчанию" болгондуктан, улуулар өзүнүн энчисин алып жаткандай болушуп рахмат айтууну милдет көрүшпөйт".
"Коомдук унааларда "алманы, бананды сырты менен же, насыбайды чайнап жут" деген жазуулар мода болуп жаткан го".
"Жаш балдарды отургузуп койгон туура эле, себеби чоңдордун арасында кысылып, түртүлүп зыян тартып калышы мүмкүн. Өнүккөн мамлекеттерде бул кадимки көрүнүш".
"Айдоочуларга рахмат айтам. Алардын нерви аябай күчтүү да, жаңы эле бирөө чыкса, бир аз жылгандан соң бирөөбүз "түшүп калайынчы" дейбиз. Өзгөчө жаңы конуштарга кирген маршруткаларга боорум ооруйт, жолубуз начар. Ошого чыдап иштеп жатышат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.