Мындан 148 жыл мурун, 1869-жылы 13-январда замбиректи ойлоп тапкан орус металлургу Павел Обухов 48 жашында кургак учуктан улам көз жумган. Ал 1820-жылы 11-ноябрда Пермь губерниясында төрөлгөн.
П.Обухов дүйнөдөгү эң сапаттуу болоттон жасалуучу замбиректерди жана белгилүү курал чыгаруучу Обухов ишканасын Петербургда негиздеген.
1862-жылы Лондон шаарында бүткүл дүйнөлүк көргөзмө өтүп, анда Обуховдун болоттон жасалган замбиреги жогорку баага ээ болгон. Курал 4 миңге жакын окко эч кандай зыян тартпастан туруштук бере алган. Ага чейин дүйнө жүзүндө мындай күчтүү замбирек жасала элек болчу. Мындан улам ал "замбирек падышасы" атка конгон. П.Обухов Германияда, Бельгияда темир, жез жана механикалык өндүрүштү өздөштүрүп, бир катар металлургиялык ишканаларда жетекчилик кызматтарды аркалаган.
1863-жылы 4-майда металлург Александровский айылында орустардын аскердик флотун болоттон жасалган куралдар менен камсыздаган ишкана ачып, болот металлынын жаңы сортторун иштеп чыгуу менен алектенген.
13-январга карата жылнаама.