Кыргыз ветеринария-илим изилдөө институту тарабынан өткөн жылдын аягында жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, Ысык-Көл облусундагы малдын бруцеллёздон коргонуу жөндөмдүүлүгү жогорку деңгээлде экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын басма сөз кызматынан Рахат Садырбекова билдирди.
"Мал чарбасын өнүктүрүү долбоору тарабынан бруцеллёзго каршы күрөшүү программасынын алкагында изилдөө жүргүзүлгөн. Кыргыз ветеринария-илим изилдөө институту Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынан кокусунан тандоо ыкмасы менен жүздөгөн малды тандап алган. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Тоң районундагы малдын бруцеллёзго каршы туруктуулугу канааттандырарлык деп табылды жана организминин коргонуу жөндөмдүүлүгү жогору экендиги аныкталды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 218 койдун жана 100 уйдун каны жана сары суусу изилденген. Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында бир гана ылаңдаган уй табылган. Учурда өлкөнүн башка аймактарында да малды текшерүү жүргүзүлүүдө.