Бүгүндөн баштап чет элдик жарандар же жарандыгы жок жактар Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу каттоого туруу үчүн электрондук арызын онлайн түрдө бере алышат. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал үчүн аталган кызматтын электрондук кызматтарды көрсөтүүчү порталына катталуу зарыл. "Кызматтар" бөлүмүнөн "Чет элдиктерди каттоону" тандап, анкетаны толтуруу керек. Аны бүткөн соң арыздын номерин басып чыгарып, каалаган Калкты тейлөө борборлорунун паспорттук-визалык бөлүмүнө кайрылса болот.
"Бул систем паспорттук столдор арасындагы бирдиктүү ишти убагында камсыз кылып, кагаз иштерин создуктурбай, жарандарды тейлөөнүн сапатын жогорулатып, каттоого туруу процессин ылдамдатат. Ошондой эле электрондук систем юридикалык жактар тууралуу Чек ара кызматынан жана Мамлекеттик салык кызматынан маалымат алып турат. Жакынкы арада мамлекет алымын онлайн түрдө төлөтүүгө бул кызматка VISA жана MasterCard төлөө карталарын кошуу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
"Чет элдиктерди каттоо" автоматташтырылган маалымат системи Кыргыз Республикасынын "Сырткы миграция тууралуу" мыйзамына жана 2016-жылдын 19-декабрында кабыл алынган өкмөттүн токтомуна ылайык иштелип чыкканы белгилүү болду.