SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Нике түн жөнүндө кененирээк" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Жигиттер, биринчи түндө эч качан мас болбогула, кыздарды эптей албай калышыңар мүмкүн. Кыздар ал түнү коркот жана кандай абал болбосун, акырын аларды жылуу сөзүңөр менен эриткиле".
"Кыздар, биринчи түндө "биринчи эркек менен болгондо катуу оору болот" деген сөздөрдү жеңе, эже же курбуларыңардан угушуңар мүмкүн, бирок бул болбогон кеп. Оору бирөө эркиңизге каршы, туура эмес жыныстык катнашта болсо же оройлук менен күч колдонуп сиз менен жатса гана алгачкы түнүңүздө катуу оору болушу мүмкүн. Ошондуктан биринчи түндө экөө тең тынчтанып, сезимдерге мас болуш керек жана кыздар денесин бош коюшу шарт".
"Нике түндө эркектер өзүбүз коркутуп же кыйнап, мажбурлап, зордоп, кыйнап салат экенбиз да, кийин "менин аялым муздак, көнбөйт, бербейт" деп жүрө беребиз".
"Кээ бир жерлерде жеңелери жабылып аңдышат экен. Бизде жаштар өздөрү турмайынча эч ким тынчын албайт. Таң атканда келин турганда текшере берет жеңелери, себеби жигиттин текшергени, ишенгени жетиштүү, нике түн узак жана эки жаш эркин болушу керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.