Индиялык окуучулардын сабакка келүүсүн Билим берүү министрлиги селфинин жардамы менен көзөмөлдөөнү чечти. Бул тууралуу "The Times of India" басылмасы жазды.
Эми мугалимдер сабак башталар алдында келген окуучулардын баары менен класста селфиге түшүүгө милдеттүү. Сүрөттөр окуучунун сабакка келгенинин далили катары отчёт менен кошо мамлекеттик базага жөнөтүлөт. "Мектеп селфиси" үчүн атайын тиркеме иштелип чыккан.
Министрлик сүрөт бара-бара кадимки журналды алмаштырарына ишенерин билдирген. Азырынча бул ыкма дүйшөмбү күндөрү гана колдонулуп жатат. Бирок көптөгөн директорлор жана мугалимдер мындай ыкманын эффективдүүлүгү жок экенин айтышууда. Алардын айтымында, бир класста 50-60 окуучу, анын баары менен бир сүрөткө түшүү мүмкүн эмес. Ошондой эле мугалимдердин баары сапаттуу камерага ээ болбогонунан сүрөт так тартылбайт. Мындан сырткары сүрөткө түшүү окуу процессинин көп бөлүгүн алып коёрун белгилешкен.