Интернетте 2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештерге шайланган депутаттар үчүн даярдалган төш белгинин ката менен чыгарылган сүрөтү тарады. Анда "жергиликтүү кеңеш" деген сөз айкашы "жергилүктүү кеңеш" деп ката жазылганын байкоого болот. Азырынча бул сүрөттөр фотошоп экендиги же чын эле төш белгилер ката менен жасалганбы белгисиз.
Белгилей кетсек, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарына убактылуу мандаттар бериле тургандыгын билдирип, алтын жалатылган төш белгилер 1-2 айдан кийин таратылышы мүмкүн экенин айткан. Төш белгилердин кечигип жасалышынын себебин ал төш белги жасатуу үчүн жарыяланган тендер чуусу күч алып кеткендигине байланыштуу тендер токтотулуп, БШК жыйынтыкты жокко чыгарууга аргасыз болгондугу менен түшүндүргөн.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын ноябрь айында Борбордук шайлоо комиссиясы 6,3 миллион сомго жергиликтүү кеңештин депутаттарына алтын жалатылган төш белги жана кызматтык күбөлүк сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Декабрда БШК тендердин жыйынтыгын чыгарып, жаңы 9000 депутаттын төш белгиси жана күбөлүгү үчүн 4,7 миллион сом жумшаларын билдирген эле. Катышуучулардын арасында 9 миң төш белгини 675 миң сомго жасап берүүнү сунуштагандары да болгон, бирок БШК негедир кымбатын тандаган. Тендерге катышкан компаниялар жыйынтыкка макул эместигин билдирип, нааразычылык күчөгөндө БШК жыйынтыкты жокко чыгарууга аргасыз болгон.