ЖЫЛНААМА, 14-ЯНВАРЬ: Мындан 66 жыл мурун жеке ишкер Таабалды Эгембердиев туулган

Жеке ишкер Таабалды Эгембердиев Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал айылында туулган. Ал 1972-жылы Фрунзе политехникалык институтунун курулуш факультетин аяктаган. 1992-жылы "Шоро" жабык акционердик коомун негиздеген жана алкоголсуз ичимдиктерди өндүрүү ишин жайылткан. 2011-жылы Бишкектин чет жагында "Супара" этнографиялык комплексин түзгөн. 2011-жылдан тартып Ордо федерациясынын президенти болуп иштеген. Базар экономикасынын шарттарындагы жемиштүү эмгеги үчүн Даңк медалына ээ болгон.

Таабалды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда узакка созулган оорудан улам көз жумган. Эгембердиевди жерге берүү зыйнаты "Супара" этнокомплексинде 19-май күнү болуп өткөн.
14-январдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан