Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 130 гектар жер тилкеси Өзбекстандын жаранына сатылган эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кат түрүндө маалымат берди. Мындан сырткары Ноокат райондук администрация башчысы-аким Бекболот Айтиев менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Жармамат Юлчиев да жер тилкеси сатылбагандыгы тууралуу маалыматты тастыктаган документтерди жөнөткөн.
"Жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматына ылайык, Жаңы-Ноокат айыл аймагы Өзбекстан Республикасы менен чектешпейт. Аралыгы 100 чакырым алыс жайгашкан. Ал жакта Өзбек жарандыгы бар бир да атуул жашабайт. Учурда улуттар аралык мамилелерге тескери багыттар, өз ара мамилелердин келишпестиги боюнча маселелер боюнча укук когоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында ар кандай маселелерди кароо учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров 130 гектар жер Өзбекстандын жарандарына сатылганы боюнча маалыматтын чын-төгүнүн билүү боюнча өкмөткө кайрылган.