12-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Стахановцев көчөсүндөгү азык-түлүк дүкөнүнө тоноочулар кол салышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бул дүкөндө иштеген 23 жаштагы Кыргыз жараны билдирди.
"3 адам дүкөнгө кирип, бычак менен коркутуп, кассаны алып кетүүгө аракет жасашты. Бирок мен катуу бакырганда кассаны ала албай, көзүмө жана башыма катуу уруп кетишти. Полицияга арыз жаздык, издөө иштери жүрүп жатат. Дүкөндүн ичинде камера жок, мындан улам тоноочулардын табылышы бир аз оор болуп жатат. Сырттагы камераларды карап көрсөк, жүзү көрүнбөйт экен жана окуя түн ичинде болгондуктан, кийимдеринин түсү да жакшы билинбей жатат", - деди ал.
"Коркконумдан жумуштан чыгып кеттим. Бул дүкөндө 7 ай иштедим. Ар бир нөөмөткө 1 миң рублдан төлөнөт эле. Дем алыш жок иштегеним үчүн айына 30 миң рублдан чыкчу. Күйөөм менен Санкт-Петербургда турабыз, ал башка жерде иштейт", - деди жабырлануучу.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.