ЭЛДИК КАБАР: "Орокко кетчү жалгыз жол көрүстөнгө айланганы калды" дейт окурман

"Чүй облусунун Орок айылына кетчү жалгыз трасса көрүстөнгө айланганы калды", - деп SUPER.KG порталына окурман кайрылды.

"Арча-Бешик-3 жаңы конушунун жолунун бир тарабында эски көрүстөн жайгашып, тосмолор менен тосулган эле. Эми ал эски көрүстөндү дагы да кеңейтип, тосмонун баарын унаа, автобус өтчү трассага жакындатып жылдырып жатышат. Буга ким жооп берет? Эл үнүн ким угат? Конуштун карапайым тургундарына ким жардам берет? Жол ансыз деле кууш эле, эми минтип тосмону жылдырып таптакыр кичирейтип жатышат. Күз айларында жолдун четинде кичинекей балдары менен бара жаткан жаш келинди дал ушул жолдон автоунаа сүзүп, келин каза тапкан. Эми жолдор дагы кичирейсе, транспорт кантип өтөт?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Орокко барчу жол көрүстөнгө айланганы калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baltabai
2017-01-14 20:38:02
Жаман.болуптурго
-1
Almaz_kg
2017-01-14 22:15:07
Мерген Турганга наам бере кобогуло элди уят кылып.
-6
meni_kut
2017-01-14 23:15:48
Almaz_kg,мээне ХХХ
-2
Altyn10076
2017-01-16 13:16:08
Almaz_kg,Мерген Турган сенден тамак сурап жатабы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан