ЖЫЛНААМА, 14-ЯНВАРЬ: 190 жыл мурун орус географы Пётр Семёнов-Тянь-Шанский төрөлгөн

Мындан 190 жыл мурун, 1827-жылы 14-январда орусиялык географ жана коомдук ишмер Пётр Семёнов-Тянь-Шанский төрөлгөн. Петербург Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү (1873-жылы), кийин Орус географиясы коомунун төрагасынын орун басары (1873-1914-жылдары) болгон.

1848-жылы Петербург университетинин табият таануу бөлүмүн бүткөн. 1849-жылдан тарта Чыгыш Европа түздүгүн изилдеп, Географиялык коомдо иштей баштаган. 1856-1857-жылдары Теңир-Тоого саякат жасап, анын орографиялык схемасын түзүп, Сары-Жаз суусунун башындагы ири мөңгүлдөрдү изилдеген. Теңир-Тоо аймагынын илимий изилдөөсүнүн 50 жылдыгына байланыштуу анын фамилиясына "Тянь-Шанский" деген кошумча ат берилген. Географ 1914-жылы 26-февралда Орусияда көз жумган.

14-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан