Токтогул районунун Өзгөрүш айылынын жашоочулары өздөрүн дааватчы катары тааныштырган адамдарды кабыл алышкан жок. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда SUPER.KG порталына жергиликтүү жашоочу Жоодарбек Осмонов билдирди.
"Айылга келген 10дон ашуун адам өзүнчө, айылдын эли өзүнчө намаз окуп жатат. Аларга жергиликтүү аймактык милиция кызматкерлери айылдан чыгып кетүүнү айтышты, бирок дааватчылар кете элек. Аларды коңшу айылдарга да киргизбей коюшту", - деди Осмонов.
Өзгөрүш айылындагы мечиттин имамы Акылбек Кожоев "борбордон келген дааватчылар" делген адамдар 2 күндөн бери мечитте жатып, элге даават кылып жатканын айтты.
"Булардын муфтияттан уруксат кагаздары жок экен. Алардын динге үндөгөн чакырыгын айрымдар угуп, кээ бир адамдар укпай жатат. Анткени алар чарба иштерин таштап, даават кылганга үндөп жатышат. Алар менен бирге намаз окубаганыбыздын себеби - алар намазды көпкө окушат экен. Биз кыска окуйбуз. Мындан улам чогуу намаз окубай жатабыз. Тартип сакчылары алардан айылдан чыгып кетүүнү талап кылышты", - дейт айыл имамы.