ЖЫЛНААМА, 15-ЯНВАРЬ: 16 жыл мурун "Википедия" сайты негизделген

Мындан 16 жыл мурун, 2001-жылы 15-январда интернеттеги ачык, акысыз коомдук энциклопедия - "Википедия" сайты Жимми Уэлс жана Ларри Сэнгер аттуу ишкерлер тарабынан түзүлгөн. Сэнгер ойлоп тапкан бул термин гавай элинин "wiki" - "ыкчам" деген сөзүнөн жана "энциклопедия" сөзүнөн куралган.

"Википедия" - дүйнө эли үчүн акысыз сунушталган интернеттик энциклопедия. Аны дүйнө жүзүндөгү миллиондогон ыктыярдуу авторлор биргелешип 285тен ашуун тилде жарыялап келишет. Ушул тапта "Википедиянын" казынасында бардык тилдердин кампасын кошкондо 40 миллионго жакын макала бар. Бул интернет баракты айына 2,5 миллиардга чукул киши окуйт.
"Википедия" интернет барагы атайын бир өлкө тарабынан эмес, дүйнө коомчулугунун колдоосу менен түзүлгөн "Викимедиа Фаундейшн" фонду тарабынан каржыланат.

15-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан