Мындан 111 жыл мурун, 1906-жылы 15-январда атактуу жазуучу Мукай Элебаев Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган. Ата-энесинен эрте айрылып, жетим өскөн. 1916-жылы Үркүндө Кытайга качып, ал жактан Көл өрөөнүнө жаңы бийлик орноду деп уккан эл менен кошо жөө-жалаңдап 1917-жылы кайтып келет. Ошол жылдардагы саясий өзгөрүүлөргө чейинки карапайым кыргыз элинин турмушун жазуучу автобиографиялык мазмундагы "Узак жол" аттуу романында баяндаган. Мукай Элебаевдин "Зарыгам" аттуу туңгуч ыры 1924-жылы "Эркин-Too" гезитинде жарык көргөн. Салттык арман ырларына үндөш жазылган бул чыгармасында акын билим алууга болгон тилегин, ой-санаасын билдирет. "Зарыгам" менен катар "Алга бас", "Чамда", "Арсар жигит" өңдүү алгачкы ырларын Мукай Элебаев Айыл чарба техникумунда окуп жүргөндө жараткан. Жазуучунун биринчи ырлар жыйнагы 1931-жылы чыккан.
Мукай Элебаевдин дээрлик бардык чыгармалары автобиографиялык мазмунга ээ. Аларга "Узак жол" менен катар "Кыйын кезең", "Зарлык", "Бороондуу күнү" сыяктуу аңгемелери жана ырлары кирет. Элебаев чебер котормочу да болгон. Ал орус адабиятынын классикасына айланган Николай Гоголдун "Шинель", "Өлүк жандар", Лев Толстойдун "Ажымурат", Александр Пушкиндин "Хандын өлгөн кызы менен жети баатырдын жомогу" сыяктуу чыгармаларын которгон.
Жазуучу 1943-жылы согуш майданына аттанып, 1944-жылы май айында Псков облусунда курман болгон. Согуш отун кечип жүргөндөгү Элебаевдин ырлары ошол кандуу окуяларга арналып, алыскы мекенине, үй-бүлөсүнө болгон сагынычы, алар менен кайра жүздөшүү тилеги, жеңишке болгон ишеничи да чагылдырылат. Мындай чыгармаларга "Алыста калган жарга", "Согуштан кат", "Көрүшөрбүз бир күнү", "Ала-Тоодон кат", "Тилек" аттуу ырлары кирет. Азыр Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылындагы орто мектеп, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы №1-орто мектеби Мукай Элебаевдин ысымын алып жүрөт.
15-январга карата жылнаама.