ЖЫЛНААМА, 16-ЯНВАРЬ: Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиев 81 жашка толду

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу, драматург жана кинодраматург Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.

Кыргыз ССРинин Искусствого эмгек сиңирген ишмери (1974), Кыргыз Эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын (1989), Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы Эл аралык сыйлыгынын (1994) жана Жамбыл Жабаев атындагы Эл аралык сыйлыктын (1996) лауреаты. Киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган (1960-1962). Б.Жакиев коомчулукка "Атанын тагдыры" (1959) аттуу драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашуун жолу коюлган.

Бексултан Жакиевдин адам турмушунун ар кыл жагдайларына арналган "Миң кыял" (1964), "Алтын аяк" (1967), "Өкүм" (1972), "Эртең Жаңы жыл" (1975), "Жолугушуу" (1979), "Күттүргөн жаз да келер" (1981), "Саадак какты" (1982), "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай" (1989), "Жаза" (1990) жана башка драмалары бар. Жазуучунун айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулуп, чет өлкөлөрдүн театрларында коюлуп келет. Анын театр, кино, коом жөнүндөгү ой толгоо-макалалары гезит-журналдарда жарыяланып турат. Б.Жакиев III даражадагы Манас ордени, Даңк (1997), Казакстан Республикасынын Астана медалдары менен сыйланган (1999).

16-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан